3-5-октябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
4-5-октябрда тоо этектеринде жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 4-5-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
5-7-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча, жемиштерге, казып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасына зыян тийгизет.