Бишкек мэриясы Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөн жамгыр жааганда суу тамчылаганы боюнча билдирүү таратты

Бишкек мэриясы Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөн жамгыр жааганда сарыгып суу тамчылап жатканы боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Капиталдык курулуш башкармалыгы жаңыдан курулушу бүткөн өтмөктөрдөн жамгырдан кийин суу өтүп жатканын иликтеп чыгып, ага гидроизоляциялык катмардын бузулушу себеп болгонун аныкташкан.

Курулушту ишке ашырып жаткан "Главтехинвест" компаниясы мэрияга реконструкцияланган жер алдындагы өтмөктү толук өткөрүп бере элек. Мындан улам кетирилген кемчиликтер кайрадан компаниянын эсебинен оңдолору айтылды.

Айта кетсек, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Манас-Чүй кең көчөсүнүн кесилишине курулган жер өтмөктөн сарыгып аккан суу тамчылап, суу тамчылаган жерден бетондун шыбактары сыйрылып түшүп жаткан. Жер өтмөк ушул жылдын 11-сентябрында ачылып, кызыл тасмасы кесилген. Оңдоо иштерине 27 миллион 800 миң сом сарпталганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Batma08
2017-10-02 16:47:14
Ээх бир отмоктуда жакшына курушалбаса кыргызстан качан онугот
+1
KGstan1981
2017-10-02 17:36:29
Союз кезинде курулган отмоктор 30-40жылдан бери эчтеке болбой кызмат кылып келип жатат.Ал эми биздин коррупцияга бийликтегилер курган отмок бир айга да жетпей жатат.Уят бийликке Уят КСДПга.
+4
Arlenchik
2017-10-02 17:45:14
Болунгон акчаны жеп салып эптеп тышкы бетин жымсалдап коюп эми актанбайле койгула, ээ канча айткан мн пайда жок айтып айтып кала бересин булар болсо жегенин койбойт.
+5
daak9191
2017-10-02 19:50:58
Андан коро жазабай эле койсонор болмок экен 27милонго андан коро мектеп салынмак ошол акчага жебей салышса
+1
cfif03748
2017-10-03 03:54:26
Элестетип кеттим.метро кура турган болсо.эртеси гууп этип тушот экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан