"Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнө кирген Юкос айылында таза суу өтүүчү түтүк жарылган. Бир айдан бери ошол жеринен суу атылып чыгып, элге ичүүчү суу кенен жетпей жатат", - дейт окурман. Суу максатсыз пайдаланылып жатканын кошумчалаган окурман тийиштүү мекеме көңүл буруп коюусун сурап, "качан сууну үнөмдүү пайдаланганды үйрөнөбүз?" дейт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.