Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген аталышта тегерек стол өтөт. Жыйынды экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев башында турган "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурууда.
Аталган кыймыл буга чейин 2 ирет жыйын өткөрүп, анда президенттикке талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү, мыйзамсыздыкка жол бербөө маселелери талкууланган. Тегерек столго саясатчылар, коомдук ишмерлер, эксперттер жана башкалар катышат.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.