Абанын температурасы кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашууга кар түшкөн. Мындан улам айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктар жаралып жатканын окурмандар кабарлашууда. "7-8 же 10 сааттап тыгында туруп калып жатабыз. Жолго чыккандарга ашуудагы абал тууралуу кабарлап коюңуздар", - дейт окурман.
Эскерте кетсек, 30-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы унаа жолдун тайгактыгын жоюу максатында бардык унаа кыймылдарына чектөө киргизилген. 1-октябрда кайрадан унааларга каттам ачылган болчу.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.