Бишкекте "Түшүм" майрамына карата таттуулар жана суусундуктар акысыз таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда окурман WhatsApp аркылуу Элдик кабарга билдирди.
"Бишкекте "Түшүм" майрамына карата таттуулар шаар тургундарына жана келген конокторго акысыз таратылды. Салтанатка келгендер өрүк, гилас, алма, шабдалы шербеттерин ичип, ак илбирстин элеси түшүрүлгөн түрдүү тортторду жешти. Бул, демек, элдин кең пейилдиги жана бардар жашоону түшүндүрөт", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.