Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.
Жыйында коомдук ишмер Орозбек Молдалиев: "Муфтият дегенде ак селде оронгон, Кудай деген таза адамдарды элестетебиз. Бирок муфтият мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланган учурлар болгон. Ал эми диний аалымдарды шайлоого пайдаланып добуш алат деген туура эмес. Айт намазга келген элди имамды ээрчип келди деген туура эмес, эл намаз окуганы келди. Биз бул жаатта атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.