Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.
Жыйында экс-премьер-министр Феликс Кулов жарандардын шайлоодо кимге добуш бергенин биометрикалык каттоо боюнча билүү мүмкүн эместигин айтты.
"Элибиз мындай коркутууларга жол бербеши керек. Биометрикалык маалыматтар боюнча жарандын кимге добуш бергенин билип койсо болот деген болбогон кеп. Эч ким биле албайт. Адамдын бармак изин аныктоо бюллетень аркылуу бүтпөйт, аныктоо абдан татаал. Эч качан таба албайт, менин кимге добуш бергенимди тапкан кишиге үйүмдү берем", - дейт Кулов.
Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков студенттерди, айыл тургундарын "кимге добуш бергениңди билип алабыз" деп коркутуулар жүрүп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.