Шайлоо бюллетендери даярдалып бүттү. Бүгүн аймактарга таратылып баштайт

Шайлоо бюллетендери даярдалып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда "Учкун" ишканасында басылып чыккан шайлоо баракчалары менен тааныштырып жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнтөн тартып шайлоо бюллетендер аймактарга жиберилип баштайт. "Алгач Баткен облусуна жиберилет. Ал эми өлкөнүн калган түндүк аймактарындагы облустарга эртенден таратылып баштайт. 2 күндө ар бир шайлоо участкасына жеткирилип берилиши керек", - деди Бекматов.

Мындан тышкары ал жалпысынан 3 миллион 31 миң 811 бюллетень даярдалганын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан