Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу каттоого чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда жол тайгак болуп, туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат. Адистердин кеңешине маани берип, жолдо абайлап жүрүүңүздөрдү эскертебиз. Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда 4-октябрь күнү саат 09:00дө жүк ташуучу унаалардын каттоосуна чектөө киргизилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 2-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы жолдун тайгактыгын жоюу максатында "Сосновка" постуна унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө киргизилип, бир нече сааттан кийин чектөө алынган.