Бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөнү үчүн жоопкерчилигин кароону сураган арызды карады. Анда Өмүркулов Жээнбековго ачык үгүттөп жатканы айтылып, Жээнбековго карата чара көрүү жана Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун жоопкерчилигин кароо сунушталган.
“Биз Өмүркуловду эле эмес, башка депутаттарды да көрүп жатабыз. Мыйзам боюнча үгүт иштерине депутаттын сапары, чыгымдары талапкердин шайлоо фондунан каржыланышы шарт. Учурда Жогорку Кеңештин бардык депутаттары аймактарга шайлоочулар менен жолугушууга кеткен. Алар мамлекеттин чыгымдары менен барып талапкерлердин үгүт иштерине катышкан жокпу ошол жагын карап көрүш керек”, - деди БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева.
"Бул Эмгек кодексин бузуп жаткан жокпу, депутаттык ресурстарын пайдаланган жокпу ошол жагын карап чыгыш керек", - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
БШК маселени талдап чыгып, арызды канааттандыруудан баш тартты.