Бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Нургазы Нишановдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Андан соң БШК партиянын тизмеси боюнча кезекте турган Зарылбек Рысалиевди депутат кылып бекитти.
Рысалиев Зарылбек Кылычбекович 1960-жылы 19-декабрда Талас облусунун Урмарал айылында туулган. Ал ички иштер министри, Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы болуп иштеген.
Айта кетсек, Нургазы Нишанов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.