Жарандар эми чек арадан өтүү документин бардык паспорттук бөлүмдөрдөн ала алышат

2017-жылдын 27-сентябрынан тарта чек арадан өткөрүү документтерин (пропуск) даярдоо жана берүү функциясы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактардагы бардык паспорттук бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Буга чейин чек арадан өткөрүү документтерин облус борборлорундагы калкты каттоо жана паспорттоштуруу жайларынан гана алууга мүмкүн эле. Жарандардын аталган документти алуу өтүнүчү 6 жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.

Чек арадан өткөрүү документин алуу үчүн бул документтер талап кылынат:

  • Жеке же юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү арызы (4 даана);
  • Чек арадан өтүү максатын ырастаган документ;
  • Жарандын өздүгүн аныктоочу документтин көчүрмөсү;
  • Мамлекеттик пошлина төлөнгөнү тууралуу дүмүрчөк;
  • Визалык режимдеги өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза.

Мамлекеттик пошлинанын суммасы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 50 сом, чет өлкөлүк жарандар үчүн 250 сом.

Ал эми бул категориядагы жарандар чек арадан өткөрүү документтери жок эле чек арадан өтө алышат:

  • Чек ара аймагында такай жашап, паспорту жарактуу жарандар;
  • Окуусу башталгыча такай чек ара аймагында жашаган студенттер;
  • Жакындары күтүүсүз ооруп же каза болуп, чек арадан өтүүгө муктаж жарандар;
  • Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү;
  • Кыргыздын Куралдуу күчтөрүндө иштеп кеткен, аскердик билети бар жарандар;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boris8907
2017-10-05 15:28:06
Ушугаа жакшы тушунбөдүм кандай уруксат кагаз
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан