Бажы кызматы: "9 айдын ичинде бажы төлөмдөрүн чогултуу планы 101 пайызга аткарылды"

2017-жылдын 9 айынын ичинде 24 миллиард 300 миллион сом көлөмүндө бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муну менен план 101 пайызга аткарылып, күтүлгөн суммадан 246 миллион сомго көбүрөөк түштү. Былтыркы жылдын 9 айынын көрсөткүчүнө салыштырмалуу быйыл 3 миллиард 1 миллион сомго көбүрөөк чогултулду.

2012-2017-жылдардагы 9 айдын ичинде чогултулган бажы төлөмдөрүнүн көлөмдөрү:

2012-жылы 12,1 миллиард сом,

2013-жылы 14,6 миллиард сом,

2014-жылы 15 миллиард сом,

2015-жылы 13 миллиард сом,

2016-жылы 21,2 миллиард сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
FCBMESSI
2017-10-05 14:24:39
Барса Алга!
-5
admin_superstan
2017-10-05 16:19:50
FCBMESSI, оффтоп үчүн 3 күнгө БАН!
Темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтыра бербеңиз!
+3
no.comment
2017-10-05 14:34:33
Эми калган уч ай тымызын иштеринерди бутуро берсенер болобу же бюджетке дагы акча тогосунорбу?
+2
kamchatka
2017-10-05 14:55:04
кантип 101 пайыз аткарышыты зер буюмдар растоможкасы арзандатылып отуп атса эркештам растоможканы транзит деп жасабай откоруп жатышат олкодо саналуу он эле киши мульти миллионер болдуго аз убакыта алар кимдер экенинда жакшы билишет бирок ошолорду тыйып койгонго тоскоол болуп жаткан бир адам бар баткен жактан болсо керек!
+1
kyrgyz-patriotu
2017-10-05 14:59:24
1% пайызды премия катары берип койсонор болмок, негизи 100 % аткарышыптыр, жакшы . Калганы чонтокко
0
Patriot7
2017-10-05 15:28:56
Жомок!!!!! Шайлоо астында Кыргызстанда салыктар, бажы толомдору 150-200% аткарылып, экономика дунгуроп осуп жаткан имиш!!!

Ким ишенет бул жомокко?!!!

Бул бийликтин ЖОМОГУ!!! "Одоктору"......
+2
ady-88
2017-10-05 15:32:44
Бажыда Райым миллионер турганда эчкачан 101пайыз болбойт. Бул жон эле окмоттун ордоктору учуп жатат.
+7
Nurik-88
2017-10-05 22:58:47
Э туугандар мумкун чын эле 101% болгондур. Самалет кулагандан кийин чондор контрабандасысынын жарымынын жарымын закондуу турдо алып отуп атышкандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан