#PuberMe хэштеги менен социалдык тармактарда өткөөл мезгилдеги сүрөттөрдү жарыялаган флешмоб жүрүп жатат. Флешмоб сентябрь айынын башында америкалык телеалпаруучу Стивен Кольбер жана куудул Ник Кролл тарабынан "Ирма" жана "Мария" бороондорунан жабыр тарткан пуэрто-рикалыктарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулган.
Флешмобдун эрежелери: актёрлор жана белгилүү адамдар өзүнүн өткөөл курактагы сүрөттөрүн интернетке киргизишет. Алар жөн гана сүрөттөр эмес күлкү жара турган болушу шарт. AmeriCone Dream Fund кайрымдуулук фондунан ар бир сүрөт үчүн миң доллардан жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандардын жалпы эсебине которулат.
Буга чейин өздөрүнүн өткөөл курактагы сүрөттөрү менен Кевин Смит, Мелиса Рауш, Жина Родригес, Сара Сильверман, Жимми Киммел, Нью-Йорк шаарынын экс-мэри жана миллиардер Майкл Блумберг жана башка көптөгөн белгилүүлөр бөлүшкөн.