Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылуу аземи өткөрүлдү

Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылышы өткөрүлүп, кызыл тасмасы кесилди. Кароосуз калган эс алуу жайы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калган. Оңдоо иштери үчүн жумшалуучу каражаттын сметалык баасы 14 миллион сомду түзүп, тендердик баасы 8 миллион 421 миң сом болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эс алуу жайдын жалпы аянты 21,998 чарчы метрди түзөт. Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын күз айларында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asman...
2017-10-06 10:45:09
Окундоп осо бер Ош шаарым!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан