Ноокенде Өмүрбек Бабановдун үгүт баннерлерин экинчи ирет айрып кетишти

6-октябрга караган түнү президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда илинген үгүт баннерлери белгисиз адамдар тарабынан айрылган. Бул тууралуу SUPER.KG`ге талапкердин Ноокен районундагы штабынын башчысы Аскарбек Шерматов билдирди.

"Масы айыл аймагында илинген 4 үгүт баннери белгисиз адамдар тарабынан айрылыптыр. Бул атайын жасалган иш. Биз райондук милицияга бул боюнча арыз менен кайрылдык. Буга чейин бир жума мурун эле ушундай окуя болуп, ушул эле райондон биздин эки баннерди айрып кетишкен болчу. Анда да биз милицияга кайрылганбыз. Бирок милиция бул боюнча бизге маалымат да, жооп да бере элек", - деди Шерматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
kechirmeni
2017-10-06 11:00:06
Ушунунар туура эмес да, буга таап туруп катуурак чара коруу керек
-3
birimdik.
2017-10-06 11:22:35
Жеенбековдун жетим жугуруктору айрып Таштадыда баннерде не Куно деймда
+16
medet1983
2017-10-06 11:31:31
Жапайычылык бул нерсе
+6
Aza17
2017-10-06 11:35:18
Банерди айрыганы туура эмес бирок Бабан бычака сап болбойт! Чу дегенде ээрге кыйгач отурган баарын эл байкап көрүп турат.Кай жерде кантеп сүйлөөнү билбейт. Чыныгы Кыргыздын жигити анчалык төмөн кетбейт болчу!

Так даана сөзду тизгиндеп кес айтып чындыкты сүйлөгөн жалгыз Мадумаров!
+14
aylun
2017-10-06 12:41:36
Aza17,тили менен буудай кууругандарды кордук го. Тил менен орок оруп колунан эч нерсе келбеген чеченден коро иштин майын чыгарган дудук артык го дейм.
-11
ulchana
2017-10-06 13:24:48
aylun,Мадумаров президент болуп иштебесе,колунан эмне келмек эле.Ошо шайлап шанс берсе иштегенин ошондо коросун.Ким кыйратты президент боло албай жатып?Бабанов президент болсо Нурсултан дын астынан чыкпайт,Сооронбай болсо Путиндин алдынан чыкпайт.А Мадмурав Тартип жана Тартип.
+9
Aza17
2017-10-06 13:32:53
aylun, кечиресин арким денгээлине жараша ой жүгүртөт да жана суйлөйт. Саясат деген короодогу кара жумуш эмес. Сүйлөө жөндөмүн билбеген башчыларыбыз өзгө журттун алдында шерменде. шылдын болуп жалпы элди уят кылып жатышат. Эгер сага шерменде бийлик жакса ал сенин жанылышкан тандоон. А бизге тын чыкмалар керек.
+2
kyrgyz-patriotu
2017-10-06 12:03:14
Кыргыз эли ушундай нерселердин айынан өнүгө албай атабыз, эл мыктысын эл таңдайт. Ынтымак менен шайлайлы мекендештер. Көрө албастык кылбайлы. Баннерди айрып, тытканда пайда жок, андан Бабанов өтпөй калбайт президенттике.
+1
ularik_kg
2017-10-06 12:09:06
уят просто уят
+1
ularik_kg
2017-10-06 12:10:28
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич мени бир гана тандоом, калганы кызыктырбайт олуп кетишпейби
+14
ulchana
2017-10-06 13:28:09
ularik_kg,эн туура.Биз да Мадумаров!Кудайдан ушунчалык каттуу суранат элем,Мадумаров отуп сотторду,сатып жегендерди тазалап,Кыргызстан ды гулдотсо экен.
+11
Baku88
2017-10-06 14:07:00
Ар бир инсан өзүнүн денгеелине акыл парасатына ыйманына карап талапкер тандайт Жээнбеков мн Бабановду колдогондордун адамдык деңгээли түшүнүкттуу суйлоор сөзүн таппай бирин бири чукуп биринин абийирин бири төгүп акылынын деңгээлин көрсөтүп коюшту элге журтка шерменде болуп бул экөө элден кудайдан коркпойт бул экөө бири биринен коркот Кудайым ынсап берсин башка эмне дейбиз
+4
modem4999
2017-10-06 15:19:25
Точно Жээнбеков же Бабанов болот!
-5
Aziz_aka
2017-10-06 21:22:03
modem4999,Докторской колбасаны тоюп жепсин
+1
asha302
2017-10-06 21:36:46
Мадумаров Мадумаров эле дейсиңер же анын Бакиевдин кишиси экенинен кабарыңар жокпу? Болбосо эмнеге Бакиев жөнүндө бир ооз сөз кылган эмес 7 жыл аралыгында?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан