Азыркы учурда Өзбекстан чыгарып жаткан автобустар Кыргыз жеринде да куралып башташы мүмкүн. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги сапарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, ишеним жана коӊшулук маанайды бекемдөө жөнүндө" декларацияда белгиленет.
Документте "Тараптар автомобиль, айыл чарба техникаларын куроо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү максатында эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты кеӊейтет" деп жазылган. Декларациянын толук текстин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.
Бүгүн, 6-октябрда Ташкентте өткөн Кыргыз-Өзбекстан бизнес-форумунун алкагында кол коюуга бир катар документтер сунушталды. Алардын бири - Өзбекстандын "Узавтосаноат" ишканасы менен Кыргыздын "ДТ Техник" ишканасынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автобустарды биргеликте куроону уюштуруу жөнүндө макулдашуу.
Белгилүү болгондой, азыркы тапта Өзбекстан Түштүк Корея, Германия өӊдүү өлкөлөр менен биргеликте бир нече үлгүдө жеӊил жана оор жүк ташуучу автоунааларды, автобустарды, айыл чарба техникаларын чыгарат.