“Таза шайлоо үчүн” жарандык кыймылы бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда экс-депутат Феликс Кулов үгүт иштеринде административдик ресурстарга жол берилип жатканын айтып, депутаттардын үгүт иштерине катышып жатканы мыйзамсыз экенин айтты.
“Биз эч бир талапкерди колдобойбуз. Биз таза шайлоону жана таза шайланган талапкерди колдойбуз. Тилекке каршы, административдик ресурстардын активдүү колдонулуп жатканын көрүп жатабыз.
Ал тургай биздин колубузга жооптуу кызматкерлердин тизмеси түзүлгөн бийлик талапкерин шайлоого карата даярдалган документтер түштү. Үгүт иштерине катышкан аткаминерлерге да башкаларга үлгү боло тургандай жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат. Шайлоо алдында каникулга кетип калган Жогорку Кеңештин депутаттарынын үгүт иштерине кийлигишүүсү да суроо жаратат. Депутаттар эл тарабынан шайланган болсо да, мамлекеттик кызматкер катары шайлоо иштерине киришүүсүнө болбойт”, - деди Кулов.