Бишкек жылуулук ишканасы: "Абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда жылуулук бериле баштайт"

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учурда бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкек жылуулук ишканасынын башчысы Эркин Абдыкалыков маалымат жыйынында билдирди.

"Бишкекте жылуулук берүүнүн атайын киргизилген талаптары бар. Эгерде абанын жылуулугу 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учурда жылуулук бериле баштайт. Учурда абанын температурасы көрсөтүлгөн нормадан жогору болууда. Өткөн 2016-жылы 14-октябрда, ал эми эң кеч 2002-жылы ноябрь айында берилген. Негизи жылуулук октябрь айынын аягында берилип жүрөт", - деди Абдыкалыков.

Эркин Абдыкалыков кыргызгидрометтин маалыматына таянып жакынкы күндөрү абанын температурасы жылуу болорун, болжолдуу октябрь айынын аягында калкка жылуулук берилерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан