Бүгүн, 6-октябрда "Таза шайлоо үчүн" кыймылы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын уюштуруп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жаралган маселелер боюнча маалымат берди. Анда кыймыл мүчөлөрү өлкө башчысы үгүт иштерине катышып жатканын айтышты.
“Азыр президенттин шайлоого үгүт кампаниясына киришип жатканын айтса, Борбордук шайлоо комиссиясы анын кол тийбестиги бар, өлкө башчысы каалаганын сүйлөөгө укуктуу деп жатат. Бул туура эмес. Президенттин институту мамлекеттик кызмат. Анда өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматкерлер иштейт. Эгер мамлекет башчысы өзү шайлоо иштерине киришип жатса, БШК да, прокуратура органы да көңүл бурушу керек болчу”, - деди юрист Канатбек Азиз.
Ал эми Эмилбек Каптагаев БШК бул багытта туура эмес жолду тандаганын айтты.
"Шайлоонун жүрүшүндө БШК башкы орган. Мамлекет башчысы же өкмөт башчысы болобу, ар бир жаран шайлоо мыйзамын бузса, жоопкерчилигин аныктап түздөн түз эскертүү бере турган орган. Мындай кат жазып өздөрүн жаман көрсөтүп, президентти жаман көрсөтүп элге дагы жаман өрнөк көрсөткөндүн ордуна президенттин билдирүүлөрү боюнча мыйзам бузууларды аныктап, эскертүү бергени туура болмок. Мындай учурда бийликтин талапкерине да, өздөрүнө да пайда болмок", - деди Каптагаев.
Эске сала кетсек, жарандык активист Адил Турдукулов өлкө башчысынын 31-августтагы билдирүүсү, андан кийинки бир канча интервьюларында үгүт иштерине байланыштуу сөздөр болгонун айтып, БШКга кайрылган. БШК өлкө башчысынын кол тийбестиги бар экенин негиз кылып, мыйзамдуу чара көрүүдөн баш тартканын активистке кат аркылуу билдирген.