Канат Исаевдин иши боюнча дагы бир адам камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кармалган адам Майрамбек Маткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Буга чейин Исаев менен кошо 2 жаран кармалып, 30-ноябрга чейин камакка алынган. Биринчиси - Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рамис Жунусалиев, экинчиси - Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Деӊиз Раимкулов.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

3-октябрда жактоочу К.Исаевди айыптоого далилдер жок экенин жана чуулуу видеодо Исаев берип жаткан акча үгүт иштери үчүн гана болгонун айткан. Ал эми УКМК Исаевдин күнөөсү далилденип жатканын билдирген.

4-октябрда Канат Исаевди коргоо комитети түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
PROS
2017-10-06 20:52:39
Атаңа бар энеңе бар оюну көпкө созулат го эми.
-2
modem4999
2017-10-06 23:14:09
PROS,оюн эмес бул,Шайлоо тынч отсо болду.
+1
tulpar90
2017-10-07 00:20:05
Эх утурумчулар тойгоздуңар.
-1
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-07 00:42:53
Укмушсунар эй кыргыздын элдин нанын миллион триллиондоп жегендерди камабайсынарбы. Негизи бийликтин милдети элди багыш элин коргоп элине кам корушпу же мен жанылып жатамбы. Эч бир тушунуксуз иштеп жатышат. Жаш бала болсом да колумда чоон акчам болсо элим учун чачмакмын.
-1
Miru
2017-10-07 11:51:04
Бирин кайын бирин тал бирин олуп бирин кал. Шайлоонун сасык оюну башталды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан