Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев бийликти күч менен басып алууга даярдануу, баш аламандыкты уюштуруп, жеке саясий кызыкчылыктарга жетүүгө аракет кылган деп айыпталууда.
Буга байланыштуу УКМК коомчулукка маалымат таратты.
"Коюлган айыптар боюнча, тергөөдө алынган далилдердин негизинде Канат Исаевдин күнөөсү далилденүүдө. Иштин материалдарында күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттун уруксаты менен алынган аудио жана видео материалдар бар. Анда Канат Исаев жана анын тарапташтары, шайлоо убагында жана шайлоодон кийин добуштар жасалмаланган деген шылтоо менен мыйзамсыз бийликке келүү максатын көздөп, күч колдонуп, өлкөдөгү абалды курчутууну пландаштырган.
Бул планды ишке ашыруу үчүн Канат Исаев жана анын колдоочусу ири суммадагы акчаны топтоп, жаштарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн укук коргоо органдарына каршы коюу үчүн чогулткан.
Учурда Канат Исаев менен катар эле бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу боюнча козголгон кылмыш ишине тиешелүү адамдар, сурак жана беттештирүү учурунда Исаевдин күнөөсүн тастыктай турган көрсөтмөлөрдү берип жатышат.
Тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Кечээ, 3-октябрда жактоочу К.Исаевди айыптоого далилдер жок экенин жана чуулуу видеодо Исаев берип жаткан акча үгүт иштери үчүн гана болгонун айткан.