Өлкөдө Канат Исаевди коргоо комитети түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында аталган уюмдун жетекчиси болуп тандалган Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, комитет Исаевди үй камагына чыгарууну талап кылат.

"Бул иш криминалдар менен атайын уюштурулган мыйзамсыз иш. Канчалык деңгээлде жакшы иш изилденет, муну убакыт көрсөтөт. Оор кылмышка шектелип кармалган Канат Исаевдин күнөөсүн тергөөнүн көзү менен тастыктаган сыяктуу видеолор тарап, маалыматтар массалык каражаттарында жайнап жүрөт. Бирок Канат Исаевдин ишине "жашыруун гриф" коюлган. Ал басылмаларга чыкпаш керек эле. Тескерисинче, ал маалыматтар тарап кайсы бир талапкердин пайдасына иштеп жаткандай.

Ошон үчүн биз Канат Исаевдин укуктарын коргоо комитетин түздүк. Биз Исаевдин тергөө иштери ачык жүргүзүлүүсүн жана үй камагына чыгарылып же өлкөдөн чыкпоо талабы менен коё берүүсүн талап кылабыз", - деди Дүйшөбаев.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Кечээ, 3-октябрда жактоочу К.Исаевди айыптоого далилдер жок экенин жана чуулуу видеодо Исаев берип жаткан акча үгүт иштери үчүн гана болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан