Мьянма сулуусу рохинджа мусулмандарын согушка күнөөлөгөнү үчүн таажысынан кол жууду

Мьянманын сулуулар сынагынын жеңүүчүсү таажысынан кол жууду. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, буга анын Мьянмадагы рохинджа мусулмандарына каршы пикирин билдиргендиги себеп болгон.

Мьянманын 19 жаштагы сулуусу Шви Ин Си. Ал интернеттеги баракчасына Мьянмадагы чырга рохинджа мусулмандарынын согушкерлерин айыптаган пикирин билдирген видеокайрылуу жүктөгөндөн кийин таажыны алып коюшкандыгын билдирген.

Сулуулар сынагын уюштурган Hello Madam Media Group компаниясы Шви Ин Сиден таажынын алынышына анын башкаларга үлгү боло тургандай жүрбөгөндүгү себеп болду деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле сынактын уюштуруучулары сулуу бийкеч алар менен түзүлгөн келишимдеги эрежелерди бузганын да кошумчалашкан. Шве Ин Си компаниянын өзүнүн билими тууралуу документтерди алып келүү боюнча талабын аткарган эмес жана Вьетнамда өтө турган сынакка даярданган эмес.

Hello Madam журналынын директору сулуунун таажысы интернетке жарыялаган видеосу үчүн алынбагандыгын айтып, таажы видеого чейин эле кайтарылып алынган деп билдирген. Анткени менен Шви Ин Си таажынын алынышына рохинджа мусулмандарын чырга айыптагандыгы себеп болгонун жергиликтүү маалымат каражаттарына айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nargiza1987k
2017-10-07 09:59:40
Ырас болуптур
+10
beiby
2017-10-07 10:07:02
Куттуктайм. Кудайым дөөлөттү да көтөрө билген адамга берет. Өзүңө өзүң душмансың деген ушул...
Тилди абайлаш керек болчу..
+17
aselushka
2017-10-07 10:09:05
Мен сулуурак экенмин)
-3
Ayida
2017-10-07 13:48:54
Сулуу болбой калсын жаман коруп калдым Мяьнма ХХХХ
+3
ali1995
2017-10-07 14:15:57
Озу сулуулардын башы иштебейби
+3
didu
2017-10-08 07:48:55
кыздын чачы узун, акылы кыска болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан