БШК бүгүнкү отурумун Темир Жумакадыровдун күтүүсүз каза болгондугуна байланыштуу эскерүү мүнөтүн жарыялоо менен баштады

Бүгүн, 7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму өтүүдө. Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо боюнча башкы штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун күтүүсүз каза болгонун айтып, БШКнын бардык мүчөлөрү, кызматкерлери анын жакындарынын кайгысын тең бөлүшө турганын билдирди.

"Темир Курмангазиевич, өз элинин патриоту, моралдык жоопкерчилиги бар адам болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы анын курман болгондугуна байланыштуу бардык жакындарына көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөт”, - деди Шайлдабекова.

БШК бүгүнкү отурумун бир мүнөттүк эскерүү жарыялоо менен баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2017-10-07 19:14:06
Жаткан жери жайлуу болсун,абдан окунучтуу,жапжаш бойдон кетти...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан