БШКнын мүчөлөрү баяндаманы кыргыз тилинде жасоону талап кылышты

Бүгүн, 10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жана Назарали Арипов отурумда баяндаманы кыргыз тилинде кароону талап кылышты.

Жыйында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов улуттар аралык кастыкты козутту делген маселени жумушчу топтун мүчөсү орус тилинде баяндама жасаган.

Ариповдун айтымында, баяндама расмий тилге которулганда маанисин жоготуп жатат. Абдрахматова сөз болуп жаткан жолугушууда талапкер кыргызча сүйлөгөндүктөн баяндама кыргызча жасалышы керек экенин баса белгиледи. БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев: "Мурда эмнеге анда кыргызча өткөрөлү деп сунуштаган эмессиңер? Атыр Болотбековна, сиздин кызыкчылыгыңыз барбы? Эмнеге ушул маселеге келгенде кыргыз тилинде өтсүн деп жатасыңар?" - деди.

Абдрахматова добушка коюуну сунуштады. Жыйынтыгында бул маселе добушка коюлуп, сунуш өткөн жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adjo_krsu
2017-10-10 19:35:18
Озундун жеринде озундун тилиндин авторитети жок. Эми кыргыз тилин расмий кылгыла КИРГИЗДЕР! Алыс кетпейли, мына кошуна олколор кандай гана оздорун тилин бийик тутуп коколотушот .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан