Депутат Искендер Матраимов Өмүрбек Бабановдун үйүнүн короосуна кирген адам боюнча комментарий берди

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үйүнүн короосуна Казакстандын Антон Шитов аттуу жараны жашыруун киргенде кармалып, ал Кыргыздын Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Раим Матраимовдун үйүндө иштеп жүргөн адам экени айтылган эле.

Бул тууралуу Бабановдун штабы маалымат тараткан.

Раим Матраимовдун агасы, парламент депутаты Искендер Матраимов менен байланышканыбызда ал инисинин үйүндө жогоруда аты аталган адам эч качан иштебегенин билдирди. "Асмандан карга "жайлап" кетсе да менин инимден көрө беришеби? Алар айтып жаткан адам менин инимдин үйүндө эч качан иштеген эмес, иштебейт дагы", - деди депутат.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
argen_kg.95
2017-10-11 11:10:56
Бабанов канчадан берип атат экен, только Бабанов болуп кетти го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан