Эртең, 12-октябрда президенттик шайлоого карата шайлоочулардын акыркы такталган тизмеси жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова билдирди.
Ал эскерткендей, мыйзам боюнча шайлоого үч күн калганда акыркы тизме илинет. Ал акыркы тизмеге кирбей калган жарандар добуш бере албай кала турганын кошумчалады.
Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы 3 миллион 25 миӊ 768 шайлоочу катталганын билдирген. Анда 2 миллион 908 миӊ 453 шайлоочу Кыргыз Республикасынын аймагында кадимки каттоодо турган аймагынан шайлайт. Ал эми чет өлкөлөрдөн 18 580 жаран добуш бере алат. 98 миң 735 жаран Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо тилкелеринен добуш берсе болот.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.