Беларустун Минск шаарында итти сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Минск шаарынын жол коопсуздук кызматынын инспекторлору унаа сүзүп кеткен итти ветеринардык дарылоо жайына жеткирип, айдоочунун өзүн издөөгө алышкан.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, окуя кечээ, 11-октябрда болгон. Көп өтпөй иттин кожоюну табылган. Кожоюндун айтымында, ит 2 күн мурун жоголуп кетип, табылбай жаткан.
"Итин таап алганына кожоюну абдан сүйүндү, ал жаныбарды үйүнө алып кетти. Биз окуяга күбө болгондордон итти сүзгөн айдоочуну табууга жардамдашуусун суранабыз", - деп билдирген инспекторлор жергиликтүү маалымат каражаттарына.