2017-жылдын сентябрь айында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 12 миллиард 66 миллион 8 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул атайын каражаттарды жана мамлекеттик инвестициялар боюнча гранттарды кошпогондогу көрсөткүч. “Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндө кирешелердин түшүүсү 153,4 пайызды ээлейт. Салыктык кирешелер 2016-жылдын иш жүзүндө 7 миллиард 254 миллион 4 миң сом кирешеге салыштырмалуу 8 миллиард 192 миллион 8 миң сомду түзөт. Кирешенин өсүү темпи 2016-жылга карата 112,9 пайызды түзөт. Салыктык эмес кирешелер 2 миллиард 798 миллион 1 миң сом же өсүү темпи былтыркы жылга карата 167,6 пайызды түзөт”, - деп билдирди министрлик.