"Бул шайлоодо мурдагыдай "карусель" ыкмасына, башка бирөөнүн ордуна добуш берүүгө жол берилбейт", - деп Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева SUPER.KG`ге комментарий берип жатып билдирди.
Ал мурдагы шайлоолордо жол берилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга болгон аракеттер жумшалганын айтты.
"Азыр шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактагандан кийин добуш берүү учурунда мурдагыдай эки жолу добуш бере албайт. Ар бир жарандын добуш берүүгө катышкандыгын тастыктаган маалымат автоматтык түрдө серверге катталат. Ал эми добуш берүү процедурасына киришүү биометрикалык маалыматта камтылган бармак издери аркылуу жүргүзүлөт. Бул башка бирөөнүн ордуна добуш берүүлөрдү чектейт.
Бул шайлоодо мурдагы шайлоолордо кетирилген мүчүлүштүктөргө жол берилбейт. Бардык добуш берүү процедурасы автоматташтырылган технологиянын жардамында ишке ашат. 2015-жылы шайлоодо бир жылчык бар болчу. Эгер компьютер шайлоочуну тааныбай калганда анын жеке номери аркылуу добуш берүүгө катыштыра берчү. Азыр бул да жокко чыгарылган", - деди Журабаева.