"Маша жана аюу" мультфильмин кыргызча которуп, тасмаларга үн коштогон Жыргалбек Ажыматов 38 жашында көз жумду

Бөбөктөр сүйүп көргөн "Маша жана аюу" мультфильмин, бир нече көркөм тасмаларды кыргыз тилине которуп, кыргызча-англисче сөздүгүн түзгөн Жыргалбек Ажыматов кечээ, 12-октябрда жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу Ажыматовдун жакындары билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Жыргалбек Ажыматовдун өлүмүнө боор оорусу себеп болгон.

Ажыматов 2004-жылдан бери тасмаларды которуу жана үн коштоо менен алектенип келген. Анын аракеттерин колдогондор көп болгон. Жыргалбек Ажыматов тасмаларды которуп, сыртына электрондук дарек жана телефон номур жазылган дисктерди досторуна тараткан. Анын котормолору ушундай жол менен элге жайылган. Ал тасмаларды которууда жөнөкөй компьютерди, кулакчын жана микрофонду колдонгон. Ошондой эле ага жубайы жана кызы да жардам берчү. "Маша жана аюу" мультфильминде жана башка тасмаларда анын улуу кызы үн коштогон.

Жыргалбек Ажыматов которгон белгилүү тасмалар - "Сүйүү мерез", "Час пик-2", "Ажыдаарды кантип үйрөтүү керек" жана башкалар.

Жыргалбек Ажыматов 1979-жылы 30-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ал Кыргыз эл аралык университетин аяктаган. Маркумдун артында 5 баласы калды.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Hatali
2017-10-13 18:46:49
Маданияттын каймактары кктип жатат ырым кылып корустонуно кулпу комчу беле?
-2
AzKumFerDan
2017-10-13 18:49:47
Жайы бейиш болсун
+4
Hatali
2017-10-13 18:49:51
Гулзат Баатырканова
Гулбу Ороскул кызы
Жыргалбек Ажыматов
Фархат Кенешбек уулу
Элмира Кайып кызы
Микаел
Жибек Нукева
Жаш кеткен маданият кызматкерлери дагы кобу эсимбен чыгып кетиптир.
+4
Rasul94
2017-10-13 23:11:19
Hatali,Бакыт Букаев
+1
Rasul94
2017-10-13 23:11:57
Hatali,Бакыт Букаев Нурак Абдырахманов
+1
Romantik.
2017-10-13 19:14:24
Эх Жыргалбек жаткан жерин жайлуу болсун. Сенин неге котормолорун чыкпай калды десе ооруп журчу турбайсынбы.
+1
grace
2017-10-13 19:36:08
Жаны жаннатта болсун, кош бол Мекендешим!
+1
abdillaevna-96
2017-10-13 19:54:03
Жайы жаннаттан болсун,аябай жакшы,шайыр киши эле,практикага сабак откону сурот чыгарганы барат элек аябай сапаттуу чыгарып берчу эле. Кийин коп жолу бардык иш канасы жабык турган эле,Корсо ооруп жургон экен да эх Арман дуйно...
+2
kyrgyz-patriotu
2017-10-13 20:28:36
Аллахым жаткан жерин нурдан кылган болсун
+2
Tekecher
2017-10-13 23:53:39
Жайы жанаттан болсун! Ото окунучтуу айла канча
+1
Ak_Bulut
2017-10-14 00:44:35
Мыкты которуп сонун ун кошкон мультиктерге, далай эмгек жасамак эх...
+2
surgeon777
2017-10-14 01:19:01
Эли-жерине биир пайдасы жок жоон топ чалдын(саясаттагы) бироосунун кылы кыйшайбай,а ушундай жапжаш эмгекчил инсандардын омуру жалп очуп кетет экен да:Гулбу Ороскул кызы,Темир Жумакадыров ж.б коп жаш корунуктуу,таланттуу патриот инсандар аз омурундо коп эмгектерди кылып кетишти...эми бул жигит да жок арабызда жок,жаткан жери жайлуу болсун,жакындарына сабыр тилейм..
+5
Birimdik5555
2017-10-14 02:54:01
Жаткан жери жайлуу болсун,уй-булосуно жана ата-энесине сабыр.Ачык муноз,таланттуу,жакшы бала эле.
+1
Bilal2014
2017-10-14 12:33:13
Жайыныз жаннатан болсун.билип билбей кылган кунолорун кудайым озу кечирсин.
+1
bakulya2015
2017-10-14 20:24:39
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-10-14 22:58:19
Жаткан жери жайлуу болсун. Жылдыздуу экен аябай...
+1
sonisoni
2017-10-15 09:34:57
Аллахым жайын жаннатта кыл !Жакындарына сабр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан