Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузган БШКнын мүчөсү катуу жоопкерчиликке тартыларын эскертти

Добуш берүүнүн жашырындуулугун эч ким ачыктай албайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Жарандын кимге добуш бергенин ачыктаган адам ал ким болбосун, жадакалса БШКнын мүчөсү болсо да жоопко тартылат. Бул шайлоонун уюштуруучусу катары айтайын шайлоону бурмалоого эч кандай мүмкүнчүлүк жок, эч кандай каражат жок. Ошондой эле эч ким шайлоочунун кимге добуш бергенин билбейт. Андан сырткары эгер кимдир бирөө шайлоочунун кимге добуш бергенин ачыктаса, ал мыйзам чегинде кылмыш жазасына тартылат. Эгер кайсы бир БШКнын мүчөсү кандайдыр бир мыйзам бузууга барса, катуу жоопкерчиликке тартылат”, - деп эскертти Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Best.bakyt
2017-10-15 08:57:03
Оозун эле суйлойт го эжекеси. СДПКдан бироо мыйзам бузса тумчугуп отуруп бересин да.
+6
ajdaaar
2017-10-15 09:03:14
Кана королучу, убаданды аткараар бекенсин....
+3
Nazar76
2017-10-15 12:58:35
Ошол өзүңу биринчи жоопко тартыш керек сени ким койгон ал жерге өзү
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан