Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат. Ош шаарындагы №5323, №5285 жана №5318-шайлоо тилкелеринде автоматтык эсептегич урналар иштебей жатканы айтылды. Маалыматты SUPER.KG порталына аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов тастыктады.
Ал азыркы тапта дагы бир шайлоо тилкесинде жабдуулар иштебей жатканынан улам кетип жатканын белгилеп, жогорудагы шайлоо тилкелеринде урналарды атайын адистер оңдоп жатышканын кошумчалады.