Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өтүп жатат. Бишкек шаарындагы №1327-шайлоо тилкесине президенттикке талапкерлердин бири, КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков келип добуш берүүдө.
"Буюрса, шайлоодо утабыз деп турабыз, андай ишенич болбосо шайлоого барбайт болчубуз да. Шайлоо канча тур менен болорун эл чечет. Аны кечке маал көрөбүз", - деди Жээнбеков.
Жээнбековду коштоп шайлоо тилкесине КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов келишти.