"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Тышкы иштер министрлиги: "Казакстандагы Кыргыз жарандары Алматы жана Астана шаарларынан добуш беришет"

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиялары тууралуу төмөндөгүдөй билдирүү таратты.

"Казакстандагы Кыргыз жарандары Алматы шаарындагы башкы консулдуктан жана Астанадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөн добуш берсе болот. Бүгүн саат 10:00гө чейин Орусия Федерациясы (Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург), Япония, Корея, Кытай (Пекин, Гуанчжоу), Малайзия, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги шайлоо комиссиялары ачылды. Чет өлкөлөрдөгү консулдук учётко турган, биометрикалык каттоодон өткөн гана Кыргыз жарандары шайлоого катыша алышат", - дешти алар.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө "Казакстандагы Чымкент шаарында канча базар болсо, ал жерде иштегендердин 50 пайызы кыргыздар. Казакстандын ар бир облусунда мигранттар бар. Көбү бүгүн добуш бере алышкан жок. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө иштеген мигранттарга, шайлоого добуш берүүгө шарт түзүп беришкен жок. Миллиондогон Кыргыз Республикасынын жарандары добуш бере албай калабы?" - деген билдирүүсүн жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bek_abad
2017-10-15 11:35:26
Москвада кантип добуш беребиз????
+1
ajdaaar
2017-10-15 11:51:18
Bek_abad, добуш бере албайсын!!! Добуш беруу учун заранее барып форма2 толтуруш керек деген балээни киргизип коюшкан, эл бекер жургонсуп... Копчулук эл жекшемби куну бошосо, жекшемби элчилик иштебесе.... Айтор чет олкодо жургон бир миллион мигрант шайлоочунун 18500 гана добуш бере ала турган болду....
+1
ajdaaar
2017-10-15 11:54:24
Ой Тышкы иштер министрлиги,

Силер эшек такалап отурасынарбы?!! Ойлонбойсунарбы Тараз менен Шымкентте жашаган мигранттар Алматыга бармак беле деп?!! Ал 2 шаарда да толтура кыргыз жарандары иштеп жургонун башкалар больосо да силер билишинер керек эле го?!! Ким 500-600 км жол журуп добуш берип келмек эле?!!

Туркияда да болгону 2 шаарда шайлоо участкасы бар... Стамбулдун 2 жэжгине бирден шайлоо участкасын ачуу колунардан келбедиби?!!
0
ajdaaar
2017-10-15 11:57:47
Измир менен Антальяда жашап иштегендер кантет?!! Эмнеге ал 2 шаарга бирден шайлоо участкасын ачуу колунардан келбейт?!!

Москвада болжолдуу 200миндей шайлоочу мигрантарыбыз бар. Эмнеге ошончо шайлоочуга болгону бир шайлоо участкасы?!! Мигранттар эмнеге форма2 толтурушу керек?!! Шайлоочу бир эле участоктон добуш берип, "карусель" токтосо, форма2 толтуруунун зарылчылыгы канчалык?!! Мына сурап отурушат биз шайлоого катыша албай калдыкпы деп?!!
+1
ajdaaar
2017-10-15 12:00:51
Озу силер, тышкы иштер министрлиги, ХХХХ да колунардан келбейт!!! Канча элчилигинер болсо, ошонун баарына эл нааразы... Айрыкча Москвадагы кыргыз элчилигине миндеген жуз миндеген сын-пикир, наалат, каргыштар айтылат... Ошончо эллин пикири менен эсептешип коюп жатасынарбы?!! Мигранттарга эмне жардамы тийип жатат ошончо элчиликтеринердин?!! Иштеш колунардан келбесе жоюп салалы тышкы иштер министрлигин, ашка жук башка жук элчиликтери менен кошо......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан