Баткенде 3 миллионунчу болуп катталган шайлоочуга белек берилди

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өтүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, бүгүнкү шайлоо жаңы технологияны колдонуп өткөрүлүп жаткан 8-шайлоо.

"2015-жылы өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо шайлоочулардын саны 2 миллион 761 миң 297ни түзгөн. Бул көрсөткүч 2016-жылы өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 2 миллион 851 миң 952 шайлоочуга өскөн. Быйылкы президенттик шайлоодо болсо 3 миллион 25 миң 770 шайлоочу катталган.

Бул көрсөткүчтөр өлкө үчүн 6 миллионунчу жараныбыз жарык дүйнөгө келгендей эле маанилүү нерсе. Мунун артында өлкөдө жарандардын саны өсүп жатат деген түшүнүк бар", - деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.

Маалыматта белгилүү болгондой, 3 миллионунчу шайлоочу болуп Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургуну Орозгүл Курамова катталган. Мамкаттоонун Баткендеги өкүлү жана райондук администрациянын өкүлдөрү бул дал келүүнү белгилеп, 3 миллионунчу шайлоочуга эстелик үчүн сувенир тапшырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nursultanbek
2017-10-15 13:20:14
Белек берип туруп, Сокени шайлап кой деген жоксунарбы??
+9
voennyi88
2017-10-15 13:30:32
Бул белек алдын ала даярдалса. Кантип билишти 3миллиончу адам Баткенден болорун?.
+5
aerforce
2017-10-15 13:57:49
voennyi88,туп туура айттын мендагы ошону айткым келди жок дегенде эртен берсе болмок экен белекти эгер туштукто болсо кантип бермексинер ошол белекти анан уже уч миллион адам уже катышып койдубу мен билгенден далайы барыша элек мендагы кечке барам 7леиде
+2
futboler
2017-10-15 14:04:44
Бир жолу Баткенден чыкса ошону да көрө албайсыңар, жалаң түндүктөн чыгып үйрөнүп калгансыңар го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан