Шайлоочу: "Шайлоо учурунда тизмеден өзүнүн аты-жөнүн таппай калгандар болууда"

Шайлоо учурунда тизмеден өзүнүн аты-жөнүн таппай калгандар болууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда жер-жерлерден окуянын күбөлөрү билдирүүдө.

"Алай районунун Будалык айылындагы №5135-шайлоо тилкесинде көптөгөн адамдар өздөрүнүн аты-жөнүн таппай калып жатат. Мен бир тууган карындаштарым менен убара болуп барып келдик. Тиешелүү тараптар буга кандай жооп кайтарат", - деп билдирди шайлоочу Алай районунан.

Өлкө аймагында өзүн тизмеден таппай калгандар учурда байма-бай болуп жатканын айтып окурмандар маалымат жиберүүдө. Алардын катарын Таш-Көмүр шаарынын дагы бир жашоочусу толуктайт.

"Менин каттоом Аксы районунда турат. Бирок Таш-Көмүр шаарында жашайм. Добуш берүү үчүн №2-формадагы документти толтургам. Бирок бүгүн №2258-шайлоо тилкесинен аты-жөнүмдү таппай коюшту", - деп билдирди Таш-Көмүр шаарынан шайлоочу.

Ал эми дагы бир шайлоочу өзү жашаган аймактан аты-жөнү чыкпай калганын айтты.

"Мен азыркы учурда студентмин. Бишкектин 6-кичи районунда жашайм. Буга чейин №1166-шайлоо тилкесинен каттоодон өткөн болчумун. Бирок калаанын Жеңиш конушуна №1268-шайлоо тилкесине каттап коюшуптур. Аталган конушта мындай номурлуу шайлоо тилкеси барбы, жокпу операторлор билбейт экен. Эми кандай кылам белгисиз", - деп нааразычылыгын билдирди шайлоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан