"ЭЛДИК КАБАРга" жооп. ТИМ: "Орусияда 6 ай бою шайлоочуларды каттоо жүрдү, шайлоого катышуу үчүн каттоого туруу керек эле"

Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо тилкелери бир катар чет мамлекеттерде да ачыла турганын Тышкы иштер министрлиги билдирген эле.

"Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "Орусиянын Санкт-Петербург шаарында добуш берүүгө эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Шайлоого катыша албай жатабыз", - деп кабарлады.

Бул боюнча ТИМдин басма сөз кызматы: "Орусия боюнча 6 жерге шайлоо тилкесин ачканбыз. Мыйзам боюнча биометрикалык маалымат тапшырып, консулдукка келип каттоого тургандар гана шайлоого катыша алат. Мигранттарды 6 ай бою каттоодон өткөрдүк. Бардык жерге барып каттаганга аракет кылдык. Жарандарыбыз өздөрү да аракет кылуусу керек эле", - деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazi25
2017-10-15 13:26:18
Каттоого турайын десем мени албай коюшту.Трудовой договор керек деп.А менде трудовой договор жок.Себеби иштебейм боюмда бар.
+2
ajdaaar
2017-10-15 13:57:53
Ушул бийлик актанганын койбоду да!!! Добуш берууго трудовой договордун эмне тиешеси бар, айткылачы бийлик?!! Регистрация, трудовой договорлорду башынарга урасынарбы?!! Дегеле мигранттар эмне учун форма2 толтурушу керек, ошону тушундургулочу?!! Азыр биометрикалык маалымат менен шайлоо болуп жаткан сон, кимде-кимдин биометрикалык маалыматы болсо шайлоого киргизилиши керек болуучу....
+2
nurik838383
2017-10-15 22:48:09
Оппоо арзыматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан