Чет өлкөлүк байкоочулар "шайлоодо мыйзам бузууларды кездештире элекпиз" дешти

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоого Индонезиядан эл аралык байкоочу болуп катышууга келген Ариф Будиман маалымат жыйын өткөрдү.

"Биз эл аралык байкоочулардын конференциясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын маалымат жыйынына катыштык. Шайлоо тилкесине барып, шайлоонун жүрүшү менен тааныштык. Өлкөдө шайлоо тынч, ачык-айкын жана таза өтөт деп ишенем. Мыйзам бузууну кездештирген жокпуз", - деди Будиман.

Айта кетсек, бүгүн өлкөдө президенттик шайлоо старт алды. Шайлоого 13 талапкер аттана турганы мурда белгилүү болгон. Эки талапкер Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев талапкерлигин алып салган. Кийинчерээк Азимбек Бекназаров талапкерлигин ала турганын айткан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Бекназаровдун баш тартканын кеч жарыялаганы үчүн анын талапкерлигин алып салган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aman_Mansurov
2017-10-15 14:09:51
Мыйзам бузууну кездештирген жокпуз дейт акмак. Мыйзам бузуулар болуп жататко
+1
Tuke8686
2017-10-15 14:10:31
Буларын корбойтда э тугандар сокенин байкочулары
+4
ajdaaar
2017-10-15 14:13:26
Булар калп эле текшеримиш болот, сый корот да, шайлоо таза отту деп отчет берип кете берет.... Эгемен Кыргызстан тарыхында ондогон шайлоо, рефередумдар отту, кана айткылачы кайсы бири таза отту?!! Баары ыплас откон. Ошончо шайлоонун биринде да чет олколук байкоочулар шайлоо ыплас отту деп чындыкты айткан эмес... Анан бул жолу айтмак беле?!! Бирок бул жолку шайлоо болуп корбогондой ыплас отуп жатат!!! Атамбаев ачык эле башка талапкерлерди каралап отурат президент башы менен...
+5
312kyrgyzstan
2017-10-15 14:17:33
Ачык еле бузулуп жатпайбы коз барбы буларда озу же акча тосуп калганбы
+1
altyn7776
2017-10-15 14:25:21
Кездештире элекпиз деп жылуу жерде отурбай барып карагыла дужурлор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан