Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар 6 шаарда гана шайлоо тилкелери ачылганын билдирди.
"Орусиядагы Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында гана шайлоо тилкелери ачылган. Биздин жарандар бул тууралуу маалыматы жок болгону үчүн билбей, добуш бербей калып жатышат. Биз буга чейин маалымат каражаттары аркылуу, социалдык тармактардагы баракчаларыбыз аркылуу шайлоо боюнча билдирүүлөрдү таратканбыз. Биометрикалык каттоодон өткөн, консулдукка учётко турган гана Кыргыз жарандары добуш бере алышат", - дешти алар.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-октябрда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу Орусиянын Омск шаарында жашаган кыргыздар ал жерде шайлоо тилкеси ачылып-ачылбаганы тууралуу маалыматы жок болгондугуна байланыштуу добуш берүүгө катышпай калгандыгын билдиришкен.