БШК: "Көчмө урна аркылуу 19 229 шайлоочу добуш берди"

14-октябрда өткөн көчмө урналар менен добуш берүүгө 19 229 шайлоочу катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алардын билдирүүсүнө караганда, көчмө урналар аркылуу 23 106 адам добуш берүү үчүн арыз берген.

"19 229 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Арыз берген жарандардын 314тү паспорттору жок болуп добуш бере албаса, 1 584 шайлоочу добуш берүү учурунда үйлөрүндө жок болушкан. Ал эми 367 жаран өздөрүн тизмеден табышпаса, 74 шайлоочу биометрикалык маалыматтарын тапшырышпагандыктан добуш берүүгө катыша алган жок", - деп билдиришти мекемеден.

Айта кетсек, көчмө урналар аркылуу шайлоо тилкесине келе албаган жарандар: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, шайлоо күнү ооруканада дарыланып жаткандар жана абактагы адамдар добуш беришет. Бул көчмө урна менен шайлоо күнүнө чейин бир күн мурун добуш берүү жүргүзүлөт. Ал эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин уланат. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн жарандар алдын ала кагаз түрүндө арыз менен кайрылуусу керек болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargiz-sa
2017-10-15 17:10:02
Анын он тогуз мини С Жны шайлашты деп да маалымат берип койбопсунар))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан