Каттоо кызматы: "Добуш берүүдө жаралган техникалык маселелер 10 мүнөттө чечилип жатат"

Бүгүн, 15-октябрда шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев шайлоодогу техникалык жабдыктар боюнча маалымат берди.

“Техникалык жактан кемчиликтер 10 мүнөттө жоюлууда. Техникалык мүчүлүштүк Өзгөндө катталды. Азыр адистер иштеп жатат. БШКнын добуш берүү жабдыктарында мүчүлүштүктөр болуп, электрондук урна стационардык урнага алмаштырылган учурлар бар. Шайлоо үзгүлтүккө учураган учурлар боло элек”, - деди Догоев.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бүгүнкү күндө добуш сатып алуу фактысы каттала элек экенин айтты. "Ыкчам топтор бардык аймактарда иш алып барууда. Саат 13:00гө карата коомдук саясий абал туруктуу. Майда мыйзам бузуулар катталып жатат”, - деди ИИМдин өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patriot7
2017-10-15 14:41:04
Кептин баары электрондук урна стационардык урнага алмашканында да... Ошол учурда алдын ала даярдалган бюллетендер пачкалап стационардык урнага ташталат. Анткени буга чнйигки шайлоолордо ошол "фокустар" болуп келген... Эгер шайлоого 1000 адам катышса, добуш санай келгенде 1500 бюллетень табылат... Ал учун ар бир добуш берген адамды санап, далил катары камерага тартыш керек эле участок ачылгандан жабылганга чейин шайлоого катышкан шайлоочуларды...
+1
munar79
2017-10-15 14:56:27
Ошол 10минута ичинде эмнелер гана болуп кетпесе болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан