Кыргыз Республикасында бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо өтүп жатат. Орусиянын бир катар шаарларында шайлоо тилкелери ачылып, иш алып барууда.
Маалым болгондой, Москвадагы Кыргыз элчилигинин алдына добуш бере албаган Кыргыз жарандары нааразычылык билдирип чогулушту. Окуя болгон жерден тартылган видеодо нааразычылык билдиргендер маалыматы жок болгону үчүн каттоого турушпаганын айтып, элчиликтин кызматкерлеринен кошумча тизме түзүүнү талап кылышты. Каттоодон өткөндөр добуш берип жатышат. Абалды полиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.