Пишпек кичи районундагы №1024-шайлоо тилкесинде 10дон ашуун шайлоочу өзүн тизмеден таппай калды

Бишкек шаарынын Пишпек кичи районунда шайлоочулардын 40 пайызы шайлоого катышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда №1024-шайлоо тилкесинин төрайымы Махабат Мустафаева билдирди.

"Учурда шайлоо өз тартиби менен өтүп жатат. Тартип бузуу болгон жок, ал үчүн тартип сакчылары коомдук коопсуздукту сактоодо. Ушул сааттарга чейин шайлоочулардын 40 пайызы келди. Биздин аймакта 1779 шайлоочу бар. Анын ичинен тизмеден өзүн таппай калган 10 адам катталды. Ал эми электрондук урна 5 мүнөттөй иштебей кайра иштеди", - деп билдирди Мустафаева.

Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкесинде 16 ирет көчмө урна шайлоого келе албаган шайлоочуларга добуш бердирүүгө жиберилген. Анын ичинен 6 адам биометрикалык каттоодон өтпөй добуш бере алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан