Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында Темир Сариевге добуш бергени үчүн шайлоочу сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталына Темир Сариевдин басма сөз катчысы Назира Ахмедова билдирди.
Ошондой эле аталган жаран кол салуудан коркуп арыз жазуудан баш тартканын, бирок Темир Сариевдин Кара-Суу районундагы өкүлдөрү арыз менен Ички иштер министрлигине кайрылышарын билдирди.