Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында айыл өкмөттүн кызматкерлери шайлоо тилкесинде биометрикалык паспорт тараткан фактысы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Термечиков билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы №4120-шайлоо тилкесинде айыл өкмөттүн кызматкерлери 14-октябрда келген жергиликтүү тургундардын биометрикалык паспортторун шайлоо тилкесине келип таратып, кол койдуруп жатышкан. Буга шайлоонун өтүшүн көзөмөлдөп жаткан байкоочулар нааразычылыгын айтышкан.
"Бул факт тууралуу биз маалымат каражаттарынан билдик. Факт катталган жерге барган учурда айыл өкмөттүн кызматкерлерин шайлоо участкасынан таба алган жокпуз. Бирок айыл өкмөтү жана кызматкерлерге жолугуп эскертүү бердик", - деди төрага.
Мындан сырткары айыл өкмөт кызматкерлери жергиликтүү тургундардын паспортторун алар шайлоого катышып калсын деген ой менен эле тараткандыгын, окуя болгон жерге барган комиссия төрагасына билдиришкен. Мыйзам бузуу тууралуу азыркы тапта эч кандай расмий кайрылуу түшкөн эмес.