Бишкек. Ак-Өргө конушундагы №1020-шайлоо тилкесинде шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы добуш берди

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №1020-шайлоо тилкесине катталган шайлоочулардын 40 пайыздан ашууну добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда шайлоо тилкесинин төрайымы Айнура Токтогазиева билдирди.

"Шайлоо негизинен тынч өтүп жатат. Мыйзам бузуу катталган жок. Коомдук тартип сакталып, техникалар бузулбай эле иштеп жатат. Конуш тургундары кечки саат 20:00гө чейин толугу менен добуш берип кетет деген ойдобуз", - деди Токтогазиева.

Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкесинде 2212 шайлоочу бар. Анын ичинен саат 16:00гө карата 937си добуш берген.

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жаткан талапкерлердин өкүлдөрү да мыйзам бузуулар катталбаганын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан