Бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоодо болду делген мыйзам бузуулар тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.
Анын айтымында, одоно мыйзам бузуулар катталган жок. "Айрым мыйзам бузуулар болуп, текшерүү жүрүп жатат. БШКда мыйзам бузууларга ыкчам жооп берүү үчүн атайын координациялык топ түзүлгөн. Жалпысынан мыйзам бузулду деп 20 маалымат түштү. Алар координациялык топ аркылуу текшерилип жатат", - деди Шайлдабекова.
Андан соң кээ бир маалыматтардын такталбаганын айтты. "Мисалы, ММКларда техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу чыккан. Бул убактылуу эле көйгөй экен. Ошондой эле Бишкек шаарында добуш сатып алуу тууралуу маалымат түшкөн. Бир жаран кары адамдарга азык-түлүк берип үгүттөп жатыптыр. Бул боюнча административдик протокол түзүлдү. Кара-Кулжада бир жаран бюллетенди алып чыкканы боюнча маалымат түшкөн. Жаран кармалып, текшерүү жүрүп жатат", - деди БШКнын төрайымы.
Ошону менен катар эле Шайлдабекова шайлоо тынч өтүп жатканын баса белгиледи.